• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Былтыр Жалал-Абадда өрттөн 381,9 млн сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2020-жылы өрт кырсыктарынан 381 млн 986 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн, 28-январда облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгында 2020-жылы жарандык коргонуу жаатындагы ишмердүүлүк боюнча онлайн жыйын өттү.

Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, тийиштүү тармактардын өкүлдөрү жана район-шаар башчылары катышты.

Өткөн жылы жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кырсыктардын саны 15,8 пайызга азайган. Бирок, мындагы материалдык чыгымдардын көлөмү артып, 175 млн 114 миң сомду түзгөн. Жыл ичинде 2 техногендик, 4 табигый, 1 социалдык-биологиялык өзгөчө кырдаалдар катталган.

Мындан сырткары, облус аймагында 221 объектте сел, суу ташкындарынын алдын алуу иштери жүргөн. Аксы, Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарындагы кооптуу деп табылган аймактардан жалпы 185 үй-бүлө көчүрүлгөн. Турак жайларды табияттын ар кандай кырсыктарынан мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүүгө 12 миң 485 келишим түзүлүп, жумуш 6,58%га аткарылган.

Облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов бул багыттагы жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берип, маселелерди чечүүдө район-шаар башчылары өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иштөө керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий