• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүй облусунда милиция кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Чүй облусунда милициянын кайгуул-күзөт кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин КРнын ички иштер органдарынын 9 айында аткарган кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу чурунда ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИОнун жеткчилеринин алдына 14 талап койгон.

Аталган талаптардын негизинде Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан тынымсыз жумуштар жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 9-декабрда Чүй облусунун ИИББнын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курамга нускама өткөргөн.

Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери Чүй облусу боюнча райондордогу жол боюндагы базарларда, автобазаларда, кичи автобустар токтоочу жайларда жол коопсуздугун алдын алуу, ошондой эле ылдамдык эрежелерин сактоо, жөө өткөөлдөрдөн өтүп жаткан жарандарга жол берүү боюнча эскертүү иштерин жүргүзүштү.

Ошол эле учурда жөө жүргүнчүлөр менен сүйлөшүүлөр болуп, жол эрежелерин сактап, жолдон өтүүдө атайын жөө өткөөлдөрдөн өтүү жол кырсыктарын алдын алууга өбөлгө болоору тууралуу эскертишти.

Белгиленгендей, Чүй облусунун ИИББнын кайгуул-күзөт кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун баардык аймактарында алдын алуу иштери жүргүзүүдө

Пикир

Оставить комментарий