• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Дордой" базарында контейнерден өрт чыкты. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 07.03.21. /Кабар/. "Дордой" базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм, Штаб жана атайын ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары, саат 21:25те Ички иштер министрлигинен 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылгандыгы кабарланды.

Кырдаалды көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жерине барды.

""Дордой" базарынын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 00:01де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий