• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек сиңирген мугалим Шааркан Кенжегулова дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10-январында Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими, эл агартуунун мыктысы Шааркан Кенжегулова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Шааркан Кенжегулова 1930-жылы Ат-Башы районунун Кара-Тал айылында жарык дүйнөгө келген.

Билими:

1952-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти бүтүргөн.

1953-1957-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1957-жылы – Жумгал районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебине иштөөгө жолдомо менен жөнөтүлгөн.

1959-жылы – Таш-Дөбө жети жылдык мектебине директор болуп дайындалган.

Сыйлыктары жана наамдары:

- “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардак наамы;

- “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси;

- “Октябрь революциясы” ордени;

- “Эмгек Кызыл Туу” ордени;

- “Баатыр эне” ордени.

Шааркан Кенжегулова 4 уул, 4 кызды тарбиялап өстүргөн.

Билим берүү жана илим министрлиги Шааркан Кенжегулованын туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий