• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков? Түз жүргөндөн түңүлбө!

Шайлоо 2017 0

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду алыскы Тогуз-Торо районунун шайлоочулары жылуу тосуп алышты. Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысы кезинде кабыл алынган “Аймактарды 2025-жылга чейин өнүктүрүү" программасына Тогуз-Торо районунун 12 айылы киргизилген. Ал эми ички жолдорго бөлүнгөн каражаттардын эсебинен учурда райондун 5 чакырым жолуна асфальт төшөлүүдө.

Сапарбек Кɵчɵрбаев, Тогуз-Торо районунун тургуну:

- Мен Сооронбай Жээнбековду Президенттикке эң татыктуу талапкер деп эсептейм. Себеби, жолу ачык адам экен, премьер-министр болуп келгенде экономика оң жагына өзгөрдү. Аны салыштырып карап кɵрсɵңүздɵр да болот. 4,9 пайызга түшүп кеткен ИДП көлөмү бул киши иштеген бир жылдын жыйынтыгы менен 6,9 пайызга ɵстү. Экинчиден, анын тушунда экспорт 30 пайызга өстү. Мындай ɵсүү кɵрсɵткүчтɵрү бардык тармактарда орун алды. Мен буларды Сооронбай Жээнбековдун айыл чарбасында кɵп иштеп, тармакты жакшы түшүнгɵндүгүнүн натыйжасыбы деп ойлойм. Анан бул кишини колдобогондо, кимди колдошубуз керек?

Урмат Токтожумаев, район тургуну:

- Талапкерлердин ичинен Сооронбай Шариповичти тандаганымдын себеби, бул киши ɵмүр бою таза, ак ниет иштеген, элдин кɵйгɵйлɵрүн түшүнгɵн адам. Жогорку даражалуу жетекчилик кызматтарды аркалап келатса да, адамдык сапаттарын, абийирин, ар-намысын жоготпой келатат. Ошол үчүн мен Сооронбай Жээнбековдон артык башка талапкерди кɵрбɵй турам.

Эгерде президент болуп шайланып калса, биздин райондо бүтпɵй келаткан мектептердин курулуштарын аягына чыгарып, жаңы бала бакчаларды салып беришин суранып кетем. Райондун Дɵдɵмɵл айылында бала бакча жок, азыр бир адамдын үйү ижарага алынып, бала бакчага айлантылган.

Алдыдагы шайлоо тынч ɵтүп, Сооронбай Жээнбековдун жеңип чыгуусуна тилектешмин.

Нурсултан Бейшенбек уулу, жаш активист:

- Бүгүн Тогуз-Торо району үчүн Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун мааниси эбегейсиз. Жол ишке берилсе, райондун элинин ɵлкɵнүн бардык тарабына каттоосу жеңилдеп калат. Сооронбай Жээнбеков президент болуп калса, жолду аягына чыгарырын убада кылууда.

Экинчиден, ал ɵкмɵт башчы болуп турганда Тогуз-Тородогу мектептерди ремонттоого каражат бɵлдүрүп берди. Жаңы мектептерди курууну колго алды. Аймактарга, элет элинин кɵйгɵйлүү маселелерине кɵп кɵңүл бурарын кɵрсɵттү.

Мындан сырткары, талапкерлер ичинен жɵнɵкɵй, таза, адамгерчиликтүү, элге жакын талапкер катары жалгыз Жээнбеков. Бир ирет «Азаттык» теледолбоорунда байлардын балдарынын чет ɵлкɵлɵрдɵ окуп, кымбат баалуу автоунааларда жүрɵрүн кɵрсɵткɵн. Бир гана Жээнбековдордун балдары Кыргызстандагы эле окуу жайларда билим алып, коомдук транспортто жүрүшɵрү айтылган. Жээнбековдор деле балдарын чет ɵлкɵлɵрдɵ окутканга мүмкүнчүлүктɵрү болсо керек. Бирок мекенчил, кɵпчүлүктɵн бɵлүнбɵгɵн адам болгондуктан, балдары да эл катары жашайт экен.

Бул Жээнбековго болгон ишенимди гана күчɵтɵт. Эгерде ал президент болуп калса, жɵнɵкɵй жарандарга жакын ɵлкɵ башчысы болоруна бɵркүбүздɵй ишенип, Тогуз-Торо жаштары колдоп жатабыз. Анын президент болуп шайланып, ɵлкɵдɵгү стабилдүүлүктү сакташына, Атамбаевдин саясатын улантуусуна тилектешпиз.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 19.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий