• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Ош шаарында баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Ош шаарында баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 15-августта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Ош шаарында С. аттуу белгисиз жаран баңгизаттарды сатуу, сактоого тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан 34 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалган. Анын шымынын чөнтөгүнөн 100 грамм салмактагы гашиш табылган. Ошондой эле кармалган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда сарайынан салмагы 295 грамм жана кампасынан 200 грамм гашиш алынган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде алынган гашиштин жалпы салмагы 586,5 граммды түзгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий