• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ туристтик сезонго карата иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. 2023-жылдагы туристтик сезондо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлиги тарабынан укуктук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, майда Ички иштер министрлиги тарабынан «2023-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» буйругу чыгарылган.

Ага байланыштуу туристтик активдүүлүктүн жайкы сезонунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн күчтөрүнө жана каражаттарына эсептөөлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле, уюштуруу чечимдерин, ыкчам-алдын алуу иш-чараларды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жана башка комплекстүү иш-чаралар камтылган иш планы бекитилди. Милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып бармакчы.

Коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин саны ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша көбөйүшү мүмкүн. Милициянын ишине көмөк көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер - 1000ге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылат.

Ысык-Көл районунда Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратында жайкы туристтик сезон мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана берилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү боюнча убактылуу штаб түзүлүп, туруктуу иштөөчү тергөө-ыкчам топтору түзүлгөн. Укук тартипти сактоого ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиционерлери тартылат.

Ысык-Көл облусунун аймагында эс алуу үйлөрүн, туристтик базаларды, балдардын эс алуу борборлорун кошкондо 700 жакын курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер иштейт.

Пикир

Оставить комментарий