• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору балдарды кабыл ала баштады

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору балдарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор алгач Ысык-Көл облусунун 5 район, 2 шаарынан келген аярлуу үй-бүлөнүн балдарын (ата-энеси жок балдар) кабыл алды. Ага президенттин облустагы өкүлү Илияз Иманбетов жана "Алтын балалык" борборунун директору Алымкадыр Байшеналиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө өкүл Ысык-Көл облусунан келген бөбөктөргө мамлекет ар дайым камкордукка алып, алардын эртеңки келечеги үчүн ар дайым даяр экенин айтып, кийинки башка облустун балдары келгенге чейин көңүлдүү эс алуу каалады. Ошондой эле ал өлкө балдарын өз дүйнөсүнө тарткан "Рух-Ордо" маданий эс алуу борборуна жана Яхт-клуб "Круизге" ыраазычылык каттарын тапшырды.

Мындан сырткары, "Аталар изи" долбоорунун жетекчиси Асел Калканова борборго эс алууга келген балдардын жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулап, 40 кыз жана балага кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип, нукура дүйнөгө жетеледи.

Пикир

Оставить комментарий