• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Июнь айынан тарта "Түндүк" системасына коммерциялык уюмдар да кошула алат

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. 12-июндан тарта мамлекеттик сатып алуулар порталында салык береселери жоктугу тууралуу маалымкатты кагаз түрүндө берүү токтотулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Электрондук кызматташуу борбору" мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, эми ишкерлер салык кызматына барбай койсо болот. Себеби, андай маалыматты Салык кызматынан Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында автоматтык түрдө алууга болот.

"Кийинки кезекте Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги турат. Аларга 2019-жылдын 30-июлуна чейин жарандарга жөлөкпул берүүдө Салык кызматынан, Мамлекеттик каттоо кызматынан, Социалдык фонддон "Түндүк" системасы аркылуу электрондук түрдө маалыматтарды алууга өтүү тапшырылган", - деди ал.

Ал белгилегендей, июнь айынан тарта "Түндүк" системасына коммерциялык уюмдар да кошула алат.

"2019-жылдын июнь айынан тарта "Түндүк" системасына коммерциялык уюмдар – мамлекеттик органдардын маалымат базасындагы маалымат керек болгон банктар, камсыздандыруу компаниялары, ипотекалык компаниялар кошула алат. Маселен, насыя берүүдө ипотеканы алууга билдирүүнүн жактырылышында, камсыздандырууда ж.б. жарандар маалымкат үчүн мамлекеттик органдарга баруусунун зарылдыгы жок болуп калат. Жаран макулдугун берген учурда ал маалыматтарды банктар "Түндүк" системасынын жардамы менен чогултат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий