• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Исаков: Өлкөнү сапаттуу өнүктүрүүдө жаштардын орду маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.17 /Кабар/. «Биз мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуубуз зарыл. Кыргызстандын калкынын 30% ын жаштар түзөт. Бул өтө чоң күч. Мен өлкөнү сапаттуу өнүктүрүүдө жаштардын орду маанилүү экендигине ынанам», — деди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2020-2030-жылдарга Жаштарды өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу жолугушууда өлкөнүн аймактарынан келген 150 ашуун делегаттарына болгон кайрылуусунда.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдиргендей, премьер катышуучуларды алдыдагы майрамы – Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү менен куттуктап, жаштарга чоң үмүт артылып жаткандыгын белгиледи.

«Мен өлкөбүздүн булуң-бурчтарында көп болом жана Кыргызстан ишенимдүү колдо экендигине ишенем. Бүгүнкү күндө жаштар, жаш кадрлар опол тоодой эмгек кылууда. Алар баштаган саамалыктар, ишкердикте, илимде, IT-индустрияда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлор чындыгында сыймыктандырат», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, өлкөдө алдыңкы жаштардын болуусуна бир катар негиздер бар. Анын пикиринде, өлкөдөгү карама-каршылыктардын, сергек атаандаштыктын тутуму жаштардын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңири ачылышына шарттарды түзүүдө.

Премьер-министр билдиргендей, Өкмөт «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын алкагында үч жыл аралыгында «Таза Коом» улуттук долбоорунун негизги компоненттерин ишке ашыруу максатын койгон.

Өкмөт башчынын айтымында, бул мамлекеттик чыгымдарды оптимизациялоого жана өлкөнүн социалдык тармагын каржылоо көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Сапар Исаков Өкмөттүн фискалдык тутумду, медицинаны санариптештирүү, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик өнүктүрүү жана айыл чарба тармагын жогорулатуу жаатындагы пландары тууралуу айтып берди.

Премьер-министр «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашырууга жаш кадрлар тартылгандыгын өзгөчө белгилеп, иш-чара катышуучуларын 2020-2030-жылдарга Жаштарды өнүктүрүү концепциясын тыкыр иштеп чыгууга чакырды.

«Жаштар саясаты концепциясын иштеп чыгуу – маанилүү иш. Мен коомдо орун алган маселелерди жүрөктөн өткөрүү аркылуу, ага кылдат мамиле кылууга чакырам. Биз ар дайым мындай башталыштарды колдоого алууга даярбыз», — деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий