• 88.68
  • 95
  • 0.95

Израилдеги кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү изделүүдө

Саясат 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. 10-октябрь саат 20.00гө карата Израилдин аймагында кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тышкы сайсий органдын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарынын тизмесин түзүүдө (учурда тизмеде 65 жаран). Кыргызстандын бардык жарандарына алардын абалын жана Израилдин аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар же жок экенин аныктоо үчүн телефон чалуу жүргүзүлүүдө.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын үч жараны Израилден чыгып кетүү ниетин билдирип, учурда аларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгуу мүмкүнчүлүгү изделип жатат.

Мурда белгиленгендей, элчиликтин жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги элчиси Руслан Казакбаевдин байланыштары Израилдеги мекендештердин топторунун ортосунда күнү-түнү ыкчам байланышуу максатында социалдык тармактарда жана мессенджерлерде таратылууда.

Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарын улантууда.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарынан коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону суранат.

Зарыл болгон учурда, кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу).

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар (2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөө, Палестина-Израиль чатагынын курчушу) боюнча практикалык тажрыйбага таянып, элчилик чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын бардык жарандарына жакынкы КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине каттоого турууну өтүнөт. Консулдук каттоо алыстан мүмкүн жана акысыз.

Пикир

Оставить комментарий