• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Кулжада кыз ала качып бараткан жигиттер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Кара-Кулжада кыз ала качып бараткан жигиттер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 11-апрелде болжол менен саат 16:30да болгон. Белгисиз жарандар Ош шаарынын 19 жаштагы тургунун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага салып, белгисиз тарапка ала качып кеткен.

Бул факты Ош ШИИБге катталып, “Курчоо” иш мерчеми киргизилген. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө ала качууга шектелген жигиттер кармалып, Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми унаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий