• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кызамык менен ооругандар 7,8 миңден ашты

Ден соолук 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 8-аперлге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталды.

"Мурдагыдай эле оору Бишкек шаарында, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Бул аймактарда оорулуу адамдардан вирусту жуктуруп алчу адамдар көп экени мына ушундай көрсөткүчкө себеп болууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий