• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында (Ташлак айылы) Жигули жана Нива үлгүсүндөгү жеңил унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 4 эркек киши - 1976-жыжы туулган Б.И., 2003-жылы туулган Н.М., 2005-жылы туулган А. у А., жана А.У. (туулган жылы такталууда) жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чийин жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген, бирок 2 эркек киши 2003-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган А. у А. ооруканада каза болгон.

Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий