• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Жыгачта жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, бирөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.17./Кабар/. Кечээ, 26-ноябрда Кара-Жыгач айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп дагы бирөө жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Тойота” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, бакты сүзүп алган.

“Кырсыктан жабыркаган аялды айдоочулар ооруканага жеткиришкен.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон эки адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий