• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан менен чек арада жүк ташуучу унаалардын топтолушу жүк ташуунун көбөйүшүнө байланыштуу – ЧК

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Казакстан менен чек арада жүк ташуучу унаалардын топтолушу жүк ташуулардын көбөйүшү менен байланыштуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу.

“2021-жылы 27-май саат 10:30га карата “Ак-Тилек – унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинде 80 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Жүк ташуучу унаалардын топтолушу циклдик мүнөзгө ээ жана жүк ташуулардын көбөйүшүнө жана экономикалык ишмердүүлүктүн активдешүүсүнө байланыштуу. Негизинен Кыргызстандан Казакстанга, андн ары КМШ жана Европа өлкөлөрүнө тез бузулуучу мөмө-жемиштер жүктөлүп бара жаткандар”,-деп айтылат маалыматта.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө Казакстандын жана эпидемиологиялык абалы туруктуу дагы 33 мамлекеттин жарандары, ошондой эле жүк ташуучулар үчүн эч кандай чектөө жок экендигин белгилейт.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы башка бекеттерде жүк ташуучу унаалардын топтолушу байкалган жок.

Пикир

Оставить комментарий