• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кербен шаарындагы Каран каналын реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдѳ

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Аксы районунуна караштуу Кербен шаарынын Устукан айылындагы Каран каналында реабилитациялык жумуштар жүргүзүлүүдѳ. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Устукан айылын аралап ѳткѳн Каран каналынын узундугу 3512 метрди түзөт.

Каналды тазалоо жана тейлѳѳ жумуштары эки ѳлкѳнүн макулдашуусунун негизинде Ѳзбекстандын Наманган облусунун Янгикурган районунун ирригациялык системалары башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдѳ.

Эскерте кетсек, Каран каналынан Устукан айылынын тургундары 200 гектардан ашык жерине сугат суу менен пайдаланышат.

Пикир

Оставить комментарий