• 88.68
  • 95
  • 0.95

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Спорт 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 3 -августта UFCнин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу EFC 38 турниринин PR-кызматынан билдиришти.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов, Умар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедовдор менен чогуу келди, алар Хабибдин командасына кирет.

Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.

Спорттук иш-чара 19 беттешти камтыйт, алардын эң башкысы Руслан Яманбаев (Россия) менен Бусурманкул Абдибаит уулунун (Кыргызстан) беттеши болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий