• 88.68
  • 95
  • 0.95

Хоккей: Кыргызстан Азиянын чакырык кубогунда БАЭ 12:3 эсеби менен жеңди

Спорт 0

Бишкек. 07.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы (U-20) Азиянын чакырык кубогунун экинчи турунда Бириккен Араб Эмиратын 12:3 эсеби менен жеңди.

Турнир малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 5-8-декабрга чейин өтүүдө.

Биринчи турда Кыргызстан Филиппинди 13:2 эсеби менен уткан болчу.

Кыргыз хоккейчилери 8-декабрда Малайзия менен ойнойт.

Эскерте кетсек, быйыл командалар эки дивизионго бөлүнгөн – топ-дивизион жана биринчи дивизион болуп.

Кыргызстан топ-дивизионунда оюн алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий