• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Ош облусунда 11,5 млн погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош облусунун аймагы үзгүлтүксүз залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-мартынан 5-июнуна чейин КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан облустун аймагында 6 020 908 чарчы метр имираттардын ичи, 30 201 082 чарчы метр имараттардын сырты жана 11 544 622 погондук метр унаа жолдоруна хлор аралашмасы чачылды.

Эскерте кетсек, залалсыздандыруу иштери дарыкана, банк, азык-түлүк дүкөндөрү жана башка эл көп барган жерлерде жүргүзүлүүдө.

Учурда дезинфекциялоо иштери республикасынын бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий