• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШга 30 жыл. Шериктештиктин келечеги

Аналитика 0

Жакында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) 30 жылдыгын белгилейт. Ушул жылдар аралыгында шериктеш өлкөлөр өздөрүнүн тарыхына ээ болушуп, анын ичинде да, андан тышкары да ар түрдүү уюмдарга кошулушту. Көптөр уюмга шектенүү менен карашты, бирок ага карабастан катышуучу өлкөлөрдүн өздөрү шериктештикте болуу белгилүү бир жемишин берди. Мындан тышкары, КМШнын алкагында, мисалы, ЕАЭБ сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылууда. Мында КМШ ЕАЭБди кеңейтүү түйүнү катары кызмат кыла алат. Өткөн жумада шериктештикке кирген өлкөлөрдүн эксперттик коомчулугу шериктештиктин келечегин КРнын “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюштурулган “КМШга 30 жыл: мамлекеттер аралык биримдиктин өнүгүүсүндөгү жаңы этап кандай болот?” аттуу конференциянын алкагында талкуулоону чечти.

Саясат талдоочу Игорь Шестаков белгилегендей, СССРдин курамына кирген өлкөлөр экономикалык байланышты сактап калуу, ошондой эле коопсуздук маселелерин чечүү максатында түзүлгөн шериктештик ушул аралыкта ар кандай этаптарды басып өттү.

“Бул шериктештиктин алкагында эң маанилүү механизмдер киргизилди, алар бүгүн дагы иштеп жатат – бул уюмга кирген өлкөлөрдүн жарандарынын визасыз кирүү режими жана эркин соода аймагы. Ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин ортосунда диалог куруу үчүн маанилүү аянтча. Пандемияга жана шериктештикке кирген өлкөлөрдүн улуттук экономикасындагы кыйынчылыктарга карабастан, быйылкы жылы соода-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жогорулашы белгиленди, өнөр жай кооперацияларын, пандемиядан чыгууда саламаттык сактоо тармагында кызматташууну өнүктүрүү перспективалары бар. Ошондой эле Афганистандагы окуяларга байланыштуу КМШнын түштүк чек араларынын коопсуздугун камсыздоо темасы актуалдуу болуп турат. КМШнын дагы бир артыкчылыгы бардык жыйындардын орус тилинде өткөнү. Ошентип, орус тили уюмга кирген бардык өлкөлөрдө расмий байланыш тили бойдон калууда”, - деди эксперт.

КР Экономика министрлигине караштуу экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкери, экономист Нургүл Акимова өз сөзүндө КМШнын экономикалык келечеги жөнүндө кеп кылды.

“Шериктештикке кирген өлкөлөр 2028-жылга чейинки стратегияны макулдашып, кабыл алышты. Документтин авторлорунун пикиринде аны ишке ашыруу КМШ өлкөлөрүнө ИДПнын реалдуу көлөмүн 2,4 – 2,7 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми ИДП бирдигинин энергия сыйымдуулугу 70%га төмөндөйт. Ушул аралыкта илимге жумшалган каражаттар ИДПга карата 3-4%га, билим берүүгө, ошондой эле саламаттыкты сактоого 5-6%га жетет. Ар бир адамга реалдуу кирешелердин деңгээли болжолдоолор боюнча 3,3-3,7 эсеге өсөт”, - деди эксперт.

Ал белгилегендей, ЕАЭБ жана КМШ интеграциялары бүгүнкү күндө ар кандай деңгээлде, бирок алардын бирдиктүү максаты – жөнгө салуу ыкмаларын жакындатуу жана өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Саясат талдоочу, Евразия аналитикалык борборунун (Москва) директору Никита Мендкович белгилегендей, жаңы блоктордун жана биримдиктердин түзүлүшүнүн негизги себеби интеграциялардын тереңирээк аянтчасын түзүү болуп саналат, анда КМШ баштагыдай эле Москванын дагы, бирикменин башка борборлорунун дагы кызыкчылыгын коргойт.

“Шериктештиктин алкагында эркин соода аймагы бар, ал жерде тарифтик төлөмдөр чектелген, эркин рынок үчүн шарттар түзүлгөн, бирок ЕАЭБде ошол эле шарттар тереңирээк жана көбүрөөк эркиндик берет. Бирок алардын бири экинчисин жокко чыгарбайт. Мен КМШнын шарттары бизнесмендер массасы, өзгөчө Евразиялык биримдикке мүчө боло элек мамлекеттер үчүн дагы деле чоң мааниге ээ экенин баары түшүнөт деп ойлойм. Мындан тышкары, бул бирикме аркылуу негизинен терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылат. КМШнын терроризмге каршы борбору азыр дагы террордук уюмдар, согушкерлер жана башкалар тууралуу маалымат алмашуу үчүн негизги аянтча болуп саналат”, - деп белгиледи эксперт.

Ал убакыттын өтүшү менен КМШ биригүү үчүн жаңы аянтчаларга орун бошоторун, бирок аларга шериктештик өлкөлөрү кошулганда гана орун болорун жокко чыгарбайт.

“Мен тигил же бул уюмдун алкагында бардык көйгөйлөр чечилип кетет деп эсептебейм, бирок диалогдун жана кызматташуунун мындай форматтары болмоюнча биз мындан да натыйжалуу иштей албайбыз, жада калса азыркы деңгээлде боло албайбыз. Ооба, бизде үстүнөн иштей турган, макулдаша турган нерселер бар, бирок объективдүү түрдө биз көп тараптуу кызматташуунун аркасында бир топ жетишкендиктерге жетиштик”, - деп ишенет Никита Мендкович.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги дүйнө аймагынын 16%ына, дүйнө калкынын 5%ына, ошондой эле дүйнөдөгү жаратылыш газ корунун 40%ына, мунайдын 20%ына, көмүрдүн 25%ына ээ болгон эң көрүнүктүү аймактык мамлекеттер аралык уюм болуп саналат. КМШнын ИДПсы дүйнөлүк ички дүң продукциянын 5%га жакынын түзөт. Бул тууралуу “Чөйрө” саясат таануучулар клубунун (Нижный Новгород) төрагасы Павел Данилов билдирди.

“Биздин өлкөлөр муну аңдай билиши керек. Экономика боюнча да биздин биримдик бир кыйла олуттуу позицияны ээлейт, ал эми аскердик түзүлүшү боюнча биринчи орунда турат. Мына ушул көз караштарда ойлонуш керек. Биз биргеликте чыныгы кубаттуу күчбүз. Бизди эмнелер бириктирип, эмнелер ажырата турганын дайыма түшүнүшүбүз керек. Ал эми эч нерсеге карабай өнүгүп жатканыбызды көрө албаган атаандаштар бизди араздаштырууга аракет кылышат. Россиянын президенти Владимир Путин айткан “ден соолугу чың консерватизмге” да көңүл бурушубуз керек. Бизде атаандаштар көп, бирок биз өз базарларыбызды, саясатчыларыбызды, өзүбүздүн технологияларыбызды, өнөр жайларыбыз жана башкаларды коргоп калышыбыз керек”, - деп белгиледи эксперт.

Ал ошондой эле шериктештикке мүчө өлкөлөрдө кандайдыр бир глобалдуу долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл ресурстар бар экенин, бирок алар биргеликте түзүлүш керектигин баса белгилөө менен КМШнын келечегине ишеним артарын билдирди.

“Кайсыл жол менен кетсек да биздин жалпы күчүбүз өз жолун таба алат. Иштеп жаткан административдик коммуникацияларды, демилгелердин чечүүдөн ишке ашырууга тез өтүшүн камсыз кылуу маанилүү”, - деп кошумчалады Данилов.

“Түштүк Кавказ” саясий клубунун башчысы, саясат талдоочу жана публицист Илгар Велизадзе дагы ушундай эле көз карашын билдирди.

“Сын-пикирлерге карабастан, КМШ практикалык көз караштан алганда, бир катар маанилүү чөйрөлөрдө – соода-экономикалык байланыштар, жалпы эмгек рыногу, коопсуздук маселелери боюнча биздин учурдагы муктаждыктарыбызды канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү маанилүү аянтча бойдон калууда. Биз жалпы гуманитардык жана маалыматтык мейкиндиктин бар экендигин унутпашыбыз керек, ал ар бир өлкөгө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө карабастан, ошол бойдон калууда. Бул факторлордун бардыгы бекемдөөчү жана бириктирүүчү шарттар катары чыгууну улантууда”, - деди эксперт.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий