• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кош көңүл кароого болбойт: «Стелс-омикрон» жаңы штаммы көрүнбөйт жана кооптуу

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. BA.2 «стелс-Омикрон» жаңы штаммы (көрүнбөс-штамм, аны «омикрондун уулу» деп дагы аташат) көптөгөн өлкөлөрдө өтө тездик менен басымдуулук кылып, ооруга чалдыгуу ыкчам өстү. Январдын аягында «стелс-омикрон» Дания, Индия жана Улуу Британияда жайылып, айрым учурлары башка Европа өлкөлөрүндө белгиленген. Бүгүнкү күндө ооругандардын саны Германия жана Кытайда өсүп жатат.

Улуу Британияда даярдалган акыркы отчет илдетти жугузуунун жаңы учурларынын өсүш ылдамдыгы жумасына «стелс-Омикрон» штаммыныкы баштапкы «Омикронго» караганда 80%га жогору экенин көрсөттү.

«Стелс-Омикрон» деп аталган себеби бир катар ПЧР-тесттер аны аныктабай жана «Дельтадан» айырмалай албай жатышат.

«Стелс-Омикрон» штаммынын 60 мутациясы бар – 32си ВА.1ден (жөнөкөй «омикрон») жана 28и жаңы мутация. «Омикрондун» эки вариантында — ВА.1 жана ВА.2де тикенекчелүү белок өзгөргөндүктөн, патоген башка штаммды жуктуруунун же эмдөөнүн натыйжасында калыптанган иммунитеттен качат.

Соңку изилдөөлөр 30%га кыйла жугуштуу экенин көрсөтүүдө, анткени вирустун РНК концентрациясы дем алуу органдарында жана өпкөдө ВА1 вариантына салыштырмалуу жогору болот.

«Омикрондун» кыйла жогорку жугуштуулугуна ээ болгон ВА.2 жакын арада басымдуулук кылган штамм болуп калуусу толук мүмкүн. Акыркы күндөрү ооруга чалдыгуунун рекорддук көрсөткүчтөрү Германияда байкалууда. Дүйшөмбү күнү Кытай бийлиги өлкөнүн ондогон шаарларында оорунун Кытай үчүн рекорддук күчөшү тууралуу билдирди. Көпчүлүк учурларда ВА.2 «омикрондун» варианттары аныкталууда.

BA.2 линиясы кайрадан жуктурууларга көп алып келүүдө, ал эми оору өзгөчө билинген белгилери менен өтүп жатканын жугуштуу оорулар боюнча адистер айтышууда.

«Омикрон» жана айрыкча «стелс-Омикрон» ушунчалык жугуштуу, жада калса бир бөлмөнүн ичинде туруп айланадагы адамдарга жугузуу мүмкүн, - деп белгиледи Казань (Приволжский) федералдык университетинин Так жана регенеративдик медицина илимий-клиникалык борборунун директору Альберт Ризванов. – Россияда ВА.2ни жуктургандардын үлүшү жогору болушу мүмкүн, бирок маселе биздин тесттер эки линияны тең бирдей аныктай турганында, ошондуктан так дифференциация жок.

BA.2 «стелс-омикрон»/ «омикрондун уулунун» белгилери кандай?

*** Жыт билүүнүн жоголуусу, тамак оору, үндүн каргылдануусу жана ашказан-ичеги-карын оорулары менен коштолгон баш оору, белгилери көбүнчө ууланууга окшош.

Вирус буга чейинки штаммдарга караганда кыйла активдүү, ашказанда көбөйөт.

«Стелс-омикронго» кимдер көбүрөөк кабылат?

«Дельта» штаммы боюнча тобокел топко киргендердин баары.

«Стелс-омикрон» айрыкча эмделбегендерди жабыркатат, - дейт Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам керектөөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын Эпидемиология БИИБ директорунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча орун басары Наталья Пшеничная.

Жөнөкөй «омикрон» менен ооруп айыккандар анын жаңы вариантын жуктуруудан корголгон эмес.

Вакцина оорунун эң катаал кесепеттеринен, ооруканага жатып калуудан жана өлүмдөн сактайт.

Пикир

Оставить комментарий