• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Бишкекте күзгү республикалык көргөзмө-сынак ачылды

Маданият 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата республикалык күзгү көргөзмө-сынак ачылды.

Бул Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун жетишкендиктерин кароонун бир түрү: салттарды улантуу жана республиканын визуалдык маданиятындагы жаңы тенденциялар.

Улуттук мектеп көптөгөн кубулуштарды өзүнө сиңирип, ошол эле учурда өзүнүн оригиналдуулугун сактап калган. Көргөзмө-конкурс бул Ар түрдүүлүктөгү биримдикти чагылдырып, түрдүү эмгектери менен кубандырат: көргөзмөдө живопись, графика, көркөм кол өнөрчүлүк жана скульптура эмгектери тартууланат.

Бул көргөзмө сүрөтчүлөрдүн социалдык маселелерге көңүл буруп жаткандыгын айгинелейт. Адылбек Байтереков, Өмүркул уулу Базаркул, Нюргуян Инокентиев сыяктуу художниктердин эмгектери өзүнүн ачык-айкын жарандык позициясы менен айырмаланып турат. Кыргызстанда декоративдик-прикладдык искусство салттуу түрдө жакшы өнүккөн.

Улуттук колориттин дүйнөлүк маданияттын энчисине айланганына дал ушул прикладдык сүрөтчүлөр: Ишенбек Чаланов, Дедиева Сагын, Нурланбек Жороев, Каныбек Бейшебаев сыяктуу сүрөтчүлөрдүн аркасы менен жетиштик.

Көргөзмөгө коюлгандардын арасында сынак уюштурулуп, комиссия жеңүүчүнү аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий