• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Кыргызстан менен Россиянын алакасы, мигранттарды дүрбөткөн каттоо маселеси жөнүндө

Коом 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Кабар" маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара алака, мигранттарды дүрбөткөн каттоо маселесине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Урматтуу Жээнбек Молдоканович саламатсызбы. Маек берүүгө макул болгонуңузга алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш экени белгилүү. Айтсаңыз, учурда эки мамлекеттин ортосундагы алака кандай? Россия президенти Владимир Путин менен мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун мамилеси кандай? Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык учурда кандай, келечеги кандай? Анткени акыркы убакта, айрыкча оппозициялык маанайдагы саясатчылар тарабынан “эки өлкө ортосундагы мамиле салкындап кетти” деген сөздөр болууда.

— Мындай билдирүүлөргө эч кандай негиз жок деп эсептейм.

Россия Федерациясы биздин эл аралык саясатта, коопсуздук чөйрөсүндө, экономикалык жана маданий өнүгүү боюнча стратегиялык өнөктөштөрүнүн жана союздаштарынын бири болуп саналат.

Биз биргеликте соода-экономикалык, инновациялык, маданий-гуманитардык, аймактар ​​аралык жана парламенттер аралык мүнөздөгү маселелерди алдыга жылдырып келебиз. Ошондой эле БУУ, ЕККУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташуудабыз.

Бүгүнкү күндө Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелип, товар алмашуу көлөмү боюнча биринчи орунда турат. 2021-жылы мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү 2,2 миллиард АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1,4 миллиард АКШ долларга жетти.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, кайра иштетүү өнөр жайы, агро-өнөр жай комплексинде, транспорт жана инфраструктура багыттарында 400 млн АКШ долл. ашык суммага 2900дөн ашык долбоорлор жактырылган.

Билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо тармактарын камтыган маданий-гуманитардык кызматташтык системалуу түрдө алдыга жылууда. Россиялык тарап биздин жарандардын Россия Федерациясынын ЖОЖдорунда билим алуусуна жыл сайын квота бөлүп берип келүүдө, COVID-19 пандемиясы учурунда бизге олуттуу колдоо көрсөттү.

Эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы мамилелер боюнча сиздин сурооңуз боюнча, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Президенттеринин ортосунда бүгүнкү күндө эки тараптуу ишеним диалогу түзүлгөндүгүн белгилегим келет. Маселен, Кыргызстан менен Россиянын президенттери былтыр үч жолу, тактап айтканда, КР президенти Садыр Жапаровдун 25-февралда Москвага, 24-майда Сочиге, КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусунун алкагында 28-декабрда Санкт-Петербургга болгон жумушчу сапарынын алкагында жолугушкан.

Быйыл алар Москвада 16-майда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жолугушуусунун алкагында кезигишип, анда эки тарапты кызыктырган мамлекеттер ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери актуалдуу маселелер боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турат.

Мамлекет башчыларынын ортосунда түзүлгөн ишенимдүү мамилелер олуттуу натыйжаларга алып келди: Кыргызстан менен Россиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдары толугу менен жанданды, Казакстандын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыган автомобиль жана темир жол каттамдары калыбына келтирилди, буга чейин тыюу салынган 47 миң кыргыз жарандарына Россияга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Мындан тышкары, россиялык тарап Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоо үчүн 10 млн АКШ долл. өлчөмүндө грант бөлүү чечимин кабыл алды, КР ӨКМге 8 млн АКШ долл. өлчөмүндө өрт-куткаруу техникасы түрүндө жардам көрсөттү, учурда Кыргызстанда 9 жалпы билим берүү мектепти куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда ж.б.

Жээнбек Молдоканович, миграция маселеси дагы кызуу талкууда. Каттоого туруу маселесин чечиш үчүн Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиз 3-сентябрга чейин чек арага барып “чыкты-кирди” жол-жобосун жасашы керек экен. Бул талап Кыргызстандын жарандарына гана тиешелүүбү? Негизи эле эмгек миграциясы боюнча талаптар Россияда жүргөн башка өлкөлөрдүн, мисалы ошол эле коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жарандары үчүн кандай болууда?

Кыргызстан 2015-жылы ЕЭАБге кирүүнүн бирден бир максаты бул Россия аймагында жашап иштеп жаткан жарандарыбыздын укуктарын кеңейтүү жана жашоо-турмушун жеңилдетүү болгон.

Кыргыз жарандары ЕЭБдин мүчөсү катары башка өлкөлөрдүн атуулдарына салыштырмалуу көптөгөн укуктарга ээ. Негизгилерин атап кетсем булар иштөөгө улуксат жана патент албайт, салыктарды орус жарандарындай эле төлөй алат, социалдык куржун менен колдонулат, пенсиялык камсыздоого укуктуу.

Башка өлкөлөрдүн жарандары Россияга кирген учурдан баштап бир нече процедуралардан өтүшөт. Тактап айтканда, иштегенге патент алыш керек, бул иш кагазды алыш үчүн Россиянын тарыхынан, орус тилинен жана башка экзамендерди тапшырышат, анан ай сайын патентине салык төлөп турат.

Кыскасы, башкаларга караганда биздин мигранттар үчүн көп жеңилдиктер каралган.

Негизинен миграция боюнча ар бир өлкөнүн өзүнүн ички саясаты болот. Бизде деле башка мамлекеттердин жарандары үчүн чектөө бар. Ошол эле Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын жарандары үчүн чектелген убакыттар бар. 30 күндөн 90 күнгө чейин. Бул убакыттан өтүп кеткенге чейин биздин өлкөдө жүрүшсө анда “кирип-чыгыш” керек. Россияда деле ушундай эрежелер биздин кыргызстандыктарга эле эмес, бардык өлкөлөрдүн жарандары үчүн бар.

Маселе каттоо жөнүндө болуп жатат. Кайсыл жерде жашайм деп катталган болсоң ошол жерде жашашың керек. Бирок андай болбой жатпайбы. Бир дарекке катталып коюп, башка жакта жашаган болбойт деп жатышат.

Бул талап 2018-жылдан бери күчөтүлгөн. Эске салып кетсем ошол жылы Россияда Дүйнөлүк футбол чемпионаты өткөн. Ошого байланыштуу ички коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында миграциялык мыйзамдарга тийиштүү өзгөрүүлөр киргизилген.

3-сентябрга чейин чыгып кеткиле деген чакырык бул такыр мыйзамсыз жүргөн жарандарыбызга тийиштүү. Миграциялык каттоосунун мөөнөтү буга чейин өтүп кетсе, узартканга иш-келишими жок болсо, анда Россиянын мыйзамдарына жараша чыгып кайра кириш керек. Мыйзамды сыйлашыбыз жана так аткарышыбыз керек. Орус тарап болсо эскертүү катары билдирип жатат. Ошол эле учурда миграциялык каттооңуз бар болгон учурда, эмгек келишимин түзүп, каттоону узартып алганга мүмкүнчүлүк бар, Россиядан чыгууга кажет жок.

Азыркы учурдагы жарандарыбыздын абалын так билебиз, түшүнөбүз. Жашаган жеринин ээси миграциялык каттоого тургузбай жатат. Иш берүүчүсү болсо миграциялык каттоосун узартканга негиз болуучу иш-келишим түзгөндөн баш тартууда.

Демек, биз орус тарапка кайрылуубуздун мазмуну - жарандарыбыз Россияда мыйзамдуу жүрүшүнө шарт бериле турган мыйзам чыгарып, жарандарыбызга жашай турган жана иштеп жаткан даректерин өз алдынча билдирүүгө укук берүүсүн суранып жатабыз.

Сүйлөшүүлөрдү ЕЭАБдин алкагында жана эки-тараптуу жолугушууларда активдүү жүргүзүп жатабыз. Маселе чечилишине ишенич бар. Саясатташтырбаш керек.

Маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Пикир

Оставить комментарий