• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын БА боюнча жаңы дайындалган өкүлүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттери боюнча иш сапарынын алкагында Бишкекке келген Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү – БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Каха Имнадзени кабыл алды.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууда Кулубаев Имнадзени жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Аймактык борбордун демилгелери жана жигердүү иши аймактын мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатына кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Тараптар Аймактык борбор менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелерин, атап айтканда, терроризмге жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, суу-энергетикалык ресурстарды адилеттүү пайдалануу, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты. Министр Ж.Кулубаев БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборун алдын алуу иш-чаралары жана коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына натыйжалуу жооп кайтарууда Борбор Азия өлкөлөрүнө көмөк көрсөтүү боюнча өзүнүн мандатына ылайык жигердүү роль ойноого чакырды.

Имнадзе Регионалдык борбор менен Кыргызстандын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташууну, өлкөнүн Борбордун бардык демилгелерин колдоорун, ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы диалог аянтчаларынын ишине активдүү катышуусун оң баалады.

Имнадзе Борбор Азия мамлекеттеринин гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууга даяр экенин билдирип, министр Кулубаевге Борбор Азиядагы миссиясын ишке ашырууда ийгиликтерди каалаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий