• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүнө кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууну тапшырды, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Муну менен катар Токаев чек ара аркылуу жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөө үчүн санариптештирүү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 20-августтан тартып Казакстан расмий билдирүүсүз бир тараптуу тартипте кыргыз жүк ташуучу автотранспортторун өзүнүн өткөрүү пункттары аркылуу өтүүсүн чектеп, Кыргызстандан Казакстанга чыгууну күтүп турган жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырым кезеги пайда болгон. Кийин кыргыз тараптын демилгеси менен Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү чек арадагы абал менен таанышып, казак тарап унааларды өткөрүүнү көбөйткөн.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз тараптан эч кандай чектөөлөр киргизилбегенин, өткөрүү пунктары штаттык режимде иштеп жатканын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий