• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кумтөр компаниясы эскирген дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводун ишке киргизди

Коом 0


Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Токмок шаарында "Кумтөр Голд Компани" компаниясы эскирген дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводун ишке киргизди.

Заводдо оор жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрү, анын ичинде авиациялык жана башка типтеги жүк көтөрүмдүүлүгү 180 тоннага чейин автомашиналардын шиналары кайра иштетилет. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Германия жана Россиядан келген заманбап техникалар колдонулат.

Жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү процесси тетиктерди – резина, металл элементтерди жана текстиль буюмдарын бөлүп алууну камтып, алар тиешелүү түрдө иштетилет. Алынган материалдар өнөр жай процесстеринде жаңы буюмдарды чыгаруу үчүн кайра колдонулат.

Бул долбоордун эң негизги максаты, калдыктар полигондорунда ташылган таштандылардын көлөмүн жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу. Мындан тышкары, жүк ташуучу унаалардын эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү дөңгөлөктөрдү жаңылоодо компаниянын ресурстарын 30-40%га чейин үнөмдөөгө шарт түзөт.

Токмоктогу кайра иштетүүчү ишкана жаңы жумуш орундарды камсыз кылуу менен гана чектелбестен, өлкөдөгү экологиялык жактан жоопкерчиликтүү тармакты өнүктүрүүнүн пайдубалына айланат. "Кумтөр Голд Компани" бул долбоорду тоо-кен өнөр жайындагы калдыктарды кайра иштетүүнүн жана аларды жөнгө салуунун ийгиликтүү үлгүсү кылып, жерди сактоого салым кошот.

Тактап айтканда, эски дөнгөлөктөр мындан ары ыргытылып же мончолорго жагылбай, кайра иштетилет.

Пикир

Оставить комментарий