• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунун окуу борбору иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунда мал жандыктарды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинарга министрдин орун басары Илич Марсбек уулу, министрликтин тиешелүү адистери, KOPIA борборунун өкүлдөрү, жеке фермерлер катышты.

Белгиленгендей, окуу борборуна KOPIA борборунун жардамы менен 35 миң еврого жасалма жол менен уруктандыруучу заманбап жабдыктар алынды. Бул жабдыктар мал жандыктардын уругунун сапатын жана малдын бооз же бооз эместигин аныктап берет.

Окуу борборду жандандыруунун негизги максаты республиканын бардык аймактарында фермерлерди, ошондой эле Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттерин практика жүзүндө окутуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий