• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү боюнча курамалары финалда беттешиши мүмкүн

ДКО 2018 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын курамасы Москванын курамасына каршы ойнойт, ал эми Казакстан Өзбекстанга каршы. Бул тууралуу ДКОнун расмий сайтында маалымдалат.

Кыргызстан менен Москванын ортосундагы оюн саат 16:00дө башталат, ал эми Казакстан менен Өзбекстандын курамалары саат 18:00дө оюн талаасына чыгат.

Кыргызстан менен Казакстандын курамалары эгерде өз атаандаштарын жеңишсе, анда финалда беттешиши мүмкүн.

Эске сала кетсек, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы финалда Кыргызстан менен Казакстан ойногон. 15:3 эсебинде жеңишти кыргызстандык улакчылар илип кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий