• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын дзюдо федерациясы кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Спорт 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын дзюдо федерациясы кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын алкагында Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Өзбекстандын дзюдо федерациясынын президенти Азиз Камилов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жолдошбек Көлбаев менен Азиз Камилов Кыргызстан менен Өзбекстандын дзюдо федерацияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Өз кезегинде Жолдошбек Көлбаев бул Меморандум эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө бекем негиз болуп берет деген ишенимин билдирди: “Биз ар дайым ачыкпыз жана Өзбекстандын дзюдо федерациясы менен тыгыз кызматташууга жана дзюдо күрөшүн жайылтууга багытталган иш-чараларды биргеликте өткөрүүгө даярбыз”.

Белгилей кетсек, Меморандумдун предмети дзюдо спортун, сергек жашоо образын жана спорттук медицинаны жайылтуу жаатында кызматташуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, Азия жана Океания чемпионаты 6-апрелден бери Бишкек шаарында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий