• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 31-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 31-августта өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27...+32, Талас облусунда +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +20...+25 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +30...+32 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий