• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 600дөн ашуун англис тили мугалими квалификациясын жогорулатат

Билим 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда 600дөн ашуун англис тили мугалими квалификациясын жогорулатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу Билим берүү министрлиги "Англия Экзаминейшнс" билим берүү мекемеси менен биргеликте баштап жаткан долбоордун алкагында үстубүздөгү жылдын 1-июлунда башталат. 10 күнгө созулган окутуу Ысык-Көл облусунда өтөт.

"Азыркы убакта долбоор өлкө боюнча 316 мектепти камтууда. Долбоор ийгиликтүү ишке ашкан соң тажрыйба башка мектептерге дагы жайылтылат. Долбоордун натыйжасында өлкөнүн мектептерине англис тилин үйрөтүүнүн инновациялык методикасын киргизүү менен окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу каралган.", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, республика боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында 1200гө жакын англис тил мугалими катышуу оюн билдирип, анын 600дөн ашууну тандалып алынган. Тандалган мугалимдер менен 3 жыл бою иш алып барылат.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен "Англия Экзаминейшнс" билим берүү мекемеси биргеликте Бишкек шаарында англис тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу борборун ачууну мерчемдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий