• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир катар тоо-кен компанияларына карата кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн бир катар тоо-кен компанияларына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, быйыл жайында ведомствонун комиссиясы тарабынан биринчи кезекте алтын казган ишканалар текшерилди. Кийинкисинде көмүр казган компаниялар текшерилет.

"Азыр укук коргоо органдарынын иштери жүргүзүлүүдө, ошондуктан буга комментарий бере албайм. Бул багытта прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иш алып барууда. Жалал-Абад облусунун Вла-Бука районундагы , андан тышкары Баткен жана Нарын облустарындагы тоо-кен тармагы толугу менен текшерилди. Эң алды менен алтын кендери текшерилди. Кийинки кезекте көмүр казуу боюнча компаниялар текшерилмекчи. текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш иштери козголуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деди Садыков.

Эскерте кетсек, сентябрдын башында парламенттин профилдик комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова "Кичи-Чаарат", "Чаарат-ЗААВ", "Вертекс Голд Компани", "ГИК Кайди" жана "КАЗ Минералс Бозымчак", "Альянс- Алтын" тоо-кен компаниялары текшерилгенин, натыйжада бардыгында мыйзам бузуулар аныкталганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий