• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 18,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 8-апрелден 14-апрелге чейин жол эрежелерин бузуу боюнча 18 миң 314 факты аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 193;

- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 59;

- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 69;

- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 286;

- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5946;

- Авто ээнбаштык - 6;

- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2745;

- Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу - 3;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 12 665;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1192 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий