• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус жуктурган 71 жаңы учур катталды: анын 16сы Кыргызстандын ичинде жана Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын ичинен 55 адамдан коронавирус аныкталган. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1002ни түзөт. Алардын ичинен 675 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 260 адам жана Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 55 жаран бейтапканаларда дарыланууда.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 77 бейтаптын абалы орточо оор. 174 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий