• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан айыккан медкызматкерлердин саны 176га жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан айыккан медкызматкерлердин саны 176га жетти. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө сутка ичинде илдетке Бишкек шаарында бир медкызматкер кабылган.

"Республика боюнча коронавируска кабылган медкызматкерлердин саны 232ге жетти", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1002ге жетти. Алардын ичинен 232си медицина кызматкери. Илдеттен 675 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий