• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан дагы 17 адам айыкты. Жалпы 675

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Ош шаарынан 5, Нарын облусунан 4, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 71 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1002 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий