• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин Биринчи май районунда көп кабаттуу турак үйдүн жанында “Опель” үлгүсүндөгү жеңил унаанын салону, “Лексус” үлгүсүндөгү жеңил унаанын сол жак бетиндеги эки эшиги жана “Хонда Одессей” үлгүсүндөгү жеңил унаанын алдыңкы сол жак эшиги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында жайгашкан автоунаа оңдоочу жайдын жана эки кабаттуу автотетиктерди сатуучу дукөндүн жалпы 480 чарчы метр аянты күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Талас облусунун Талас шаарында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.


Ош облусунун Ноокат районундагы Балган айылында эки кабаттуу шифер жабылган сарайдын 180 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий