• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында 6, Талас облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 4, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин Күрөңкеев жана Александровский кичи көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Дордой" футбол клубунун кийим которуучу бөлмөсүнүн 45 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкектин Львов кыска көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккан. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында аянты 3 миң чарчы метр болгон курулуш материалдарын саткан дүкөн толугу менен, ага жакын жайгашкан сарайдын 12 чарчы метри жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Чымбай айылында турак үйдөн өрт чыккан. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 66 чарчы метр чатыры жана 1 муздаткыч, 1 электр меш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында аянты 24 чарчы метр болгон вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий