• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын бир күндө 1 миң 770 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын) бир күндө 1 миң 770 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 197, Ош шаарында – 102, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 483, Талас облусунда –117, Нарын облусунда – 73, Ысык-Көл облусунда – 158, Жалал-Абад облусунда – 297, Баткен облусунда – 188 адам эмделди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 4-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий