• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурлан Шаршеналиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаршеналиев Нурлан Алтымышовичти калаанын вице-мэри кылып дайындады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, шаар башчысы буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Таалайбек Орозовду башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошоткон.

Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун тургуну, 1985-жылы туулган. Эки жогорку билими бар: экономикалык жана юридикалык.

Пикир

Оставить комментарий