• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы азык-түлүк бааларынын тенденциясы кандай болууда? Себептери жана кесепети

Аналитика 0

Коронавирустун дүйнөгө жайылышы жана мунайга болгон баанын түшүшү дүйнөлүк рыноктордо олку-солкулукту жаратты. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн көптөгөн мамлекеттер чек араларын жаап, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн негизги азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салды. Андан тышкары, дүйнөдө көп өнөр жай ишканалары жана заводдор жабылды. Мындан улам жаралган "тополоңдон" бир гана азык-түлүк эмес, башка товарлардын баалары көтөрүлдү. Бийликтин азык-түлүк жетиштүү болот, алар бааны кармоого аракет көрүп жатабыз деп айткандары көптөрдү ынандырган жок.

Бул жагынан Кыргызстанда башка өлкөлөрдөй ызы-чуу болгон десе болот. Албетте коронавирус өлкөгө келгенден мурдараак бир аз "дүрбөлөң" болду. Ошентсе да абал анчалык курчуган жок.

Дүйнөдө болгон окуялар, түзүлгөн кырдаал биздин экономикага да таасирин тийгизди. Биздин улуттук валюта да тышкы факторлордун негизинде кунун жоготту. Учурда улуттук валютанын курсу 1 долларга 83 сом болуп жатат. Доллар менен бирге айрым товарлардын баалары көтөрүлгөнү байкалууда.

Маселен, Кыргызстандын базарларында айрым азык-түлүктөргө баалар көтөрүлдү. Муну Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматтардан көрүүгө болот.

Улуттук статистика комитети, керектөөчүлүк баалар боюнча өлкөнүн 18 шаар-райондорунда 21 товар, анын ичинде социалдык жактан маанилүү товар жана күйүүчү-майларга талдоо жүргүзүлгөн.

Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаеванын айтымында, талдоого алынган товарлардын катарына жакында эле социалдык жактан маанилүү дагы 7 товар кошулган.

Статистика комитетинин отчетунда, төмөндө көрсөтүлгөн азык-түлүктүн баалары кайсы шаарларда канча көтөрүлгөнү чагылдырылган:

Буудай: Ноокат шаары – 1,6%га , Талас – 1,8%га.
Күрүч: Чаек айылы, Жумгал району – 4,9%га.
Буудай уну жогорку сорт: Жалал-Абад шаары – 13,8%га.
Буудай уну биринчи сорт: Жалал-Абад шаары – 14,3%га, Нарын – 2,1%га.
Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан: Бишкек шаары – 1,8%га,
Жумуртка: Ноокат – 4,5%га, Кара-Балта шаары –2%га.
Күн карама майы, 1 кг: Жалал-Абад шаары – 4,3%га, Токмак – 2,3%га.
Картошка: Кара-Балта - 4,2%га, Нарын - 4,3%га, Бишкек – 4,4 %га, Балыкчы – 7,1%га, Ноокат – 8%га, Покровка айылы, Манас району – 11,8%га, Ош – 13,7%га, Токмок –20,4%га, Жалал-Абад – 31,3%га.
Кумшекер: Каракол – 1,8 %га.

"Айрым шаарларда чайга болгон баа көтөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Статистика комитетинин маалымат боюнча, гипермаркеттерде баалар мурунку бойдон калган.

Азык-түлүктүн баасын салыштыруу максатында КР Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматын сунуштайбыз:

Ундун 1-сорту өлкө боюнча орточо эсеп менен 30,5 сом, ал эми экинчи сорту 23 сомду түзөт. Буга чейин ундун 1-сорту орточо 33 сом, экинчи сорту 23,8 сом турган. Нандын 1 килограммынын (калыпка салып бышырылган) наркы өлкө боюнча болжол менен 43 сом турат, буга чейин 41,4 сомдон сатылган. Макарон - 50 сом, мурун 50,2 сом; күн карама майы - 90 сом, мурдараак 87 жана 92,9 сом турган. Кумшекер 1 кг 43 сом, мурун 42 сом; жумуртка (10 даана) - 80, мурда 77,5 сом; 2,5% майлуулуктагы сүт - 50, мындан бир нече күн мурда 47,5 сомду түзгөн. 3,2% майлуулуктагы сүт 66 сом турат. Базарларда Чүйдүн каймак майы 350 сом, Таластын майы 410 сом, буга чейин 335 жана 380 сом болуп келген.

Учурда койдун эти 360 сом турат. Бир нече күн мурдагыга караганда 9-11 сомго кымбаттаган. Картошканын баасы 29,6 сомдон 40 сомго чейин кымбаттаган. Жергиликтүү күрүч 85 сом турат. Бир нече күн мурда 87,8 сомдон сатылган. Импорттолгон күрүчтүн баасы 90 сом болууда. Бир нече күн мурун 86,8 сом турган.

Улуттук статистикалык комитети менен Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматын салыштырып, азык-түлүктүн баасы бир аз кымбаттаганын айтууга болот. Дүйнөдөгү кырдаалды эске алганда Кыргызстанда баалар тышкы факторлордон улам көтөрүлүп жатат. Кошумчалап кетсек, негизги азык-түлүктөр Кыргызстанга өнөктөш-мамлекеттерден алынып келет. Мындан улам азык-түлүктүн баасын экспорттоп жаткан өлкө коет, бирок өлкөбүздүн тиешелүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн негизинде орточо баа белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий