• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан Пакистан менен Бангладештин 64 жараны депортацияланат

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан мааалымдашты.

Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет элдик жарандар аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар кандай убактылуу жашаган жерлеринде Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандар аныкталып, алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөн.

Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүнүн тиешелүү квалификациянын жоктугу жана айлык акынын аздыгы көйгөйү болуп жатканы аныкталды.

Мындан улам, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып салуу менен административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат.

Пикир

Оставить комментарий