• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саат 19.00дөн кийин таштанды чыгаруу. Тазалыктын кызматкерлери экобаштыктарды таратууда

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда.

Мунииципалитеттен билдиришкендей, ар баштыкта “таштандыларды саат 19:00дөн 24:00гө чейин чыгаруу сунушталат” деп жазылган.

Эскерте кетсек, бул чаралар жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан жол тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

"Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгындарын азайтууга гана жардам бербестен, чыгымдарды да азайтат", - деп белгилешти мэриядан.

Эскерте кетсек, жол тыгындарын азайтуу жана катуу таштандыларды чогултуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жарандарга таштандыларды саат 19:00дөн кийин чогултуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий