• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык мугалим эл аралык фестивалда жеңүүчү аталды

Коом 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Нарын районунун Таш-Башат айылынын Дүрбөлөң Мамбет уулу атындагы орто мектептин директору Анаргүл Жолдубаева чет өлкөдө орус тилин жана маданиятын жайылтуу боюнча чыгармачылык демилгелер фестивалында “Педагогикалык технологиялар” номинациясы боюнча жеңүүчү болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Анаргүл Жолдубаева И.А.Крыловдун “Боз чымчык жана көгүчкөн” тамсилинин негизинде орус адабияты сабагынын сценарийин сунуштап, 30 финалисттин катарына кирген. Анын ичинен 2022-жылдын 19-ноябрында Анталия шаарында алдыңкы он жеңүүчүнүн катарына тандалып алынган.

Фестиваль Москва шаарындагы Кошумча кесиптик билим берүүнүн автономдуу коммерциялык эмес уюму “Кадам” Билим берүү инновациялары борбору” тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий