• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар фехтование боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын фехтование боюнча юниорлор курама командасы Дүйнө кубогуда төрт коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Мелдеш 19-20-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн.

Спортчулар алгач Монголия менен беттешип 45:37 упай менен жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен беттешип 45:25 эсебинде жеңилген. Коло медаль үчүн беттеште Сауд Аравия менен беттешип, 45:36 эсебинде жеңишкен.

Курама команданын тизмеси:
1. Айпери Токтогулова;
2. Юлия Никитина;
3. Акак Кенешова;
4. Алия Мамырова.

Белгилей кетсек, буга чейин курама команда юниорлор арасында дүйнөлүк рейтингде 50-орунда болсо, Дүйнө кубогунан кийин 23-орунга көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий