• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу менен жолугушат

Спорт 0

Бишкек, 14.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Аралаш мушташтын күйөрмандары 17-мартта “Asia Mall” соода борборунда Бусурманкул Абдибаит уулу менен жолугушат. Бул тууралуу спортчу өзү социалдык түйүндөрдө билдирди.

“Биздин биринчи расмий жолугушуубуз 17-мартта “Asia Mall” соода борборунда саат 13:30 болот. Бардык ММА сүйүүчүлөрүн чакырам, каалоочулардын бардыгы үчүн эшик ачык! Мен бардык берилген суроолорго жооп берүүгө аракет кылам”,-деп билдирген спортчу.

Бусурманкул Абдибаит уулу “M-1 Global” уюму менен мөөнөтүнөн мурда келишим түзгөн биринчи Кыргызстандык өкүл болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий