• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын түштүгүнө шайлоо бюллетендери жөнөтүлдү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 03.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Учкундун” имаратында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына даярдалган шайлоо бюллетендерин кабыл алуу иш-чарасы болду.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, мыйзамга ылайык бюллетендер шайлоого 10 күн калганда облустук жана райондук шайлоо участкаларына жеткирилет.

“Бүгүн Кыргызстандагы президенттик шайлоого карата даярдалган шайлоо бюллетендерин алып, аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүү иш-чарасы болду. КР мыйзамына ылайык бюллетендер алгач аймактык шайлоо комиссиясына андан соң шайлоого үч күн калканда тилкелик комиссияга таратылат”,-деди ал.

Шайлдабекова билдиргендей, аймактык шайлоо комиссиясы үчүн бардыгы болуп 3 млн 28 миң 783 бюллетен даярдалган, ал эми мыйзамда каралган максималдуу саны 3 млн 31 миң 811 бюллетенди түзөт.

“Мамлекеттик тилде даярдалган бюллетендердин саны 2 млн 61 миң 219, ал эми расмий тилде - 570 миң 592 түзөт”,-деди Шайлдабекова.

Шайлоо бюллетендери БШК мүчөлөрүнүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, типограциянын, ЖМКнын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тапшырылат.

Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарына бюллетендер 4-октябрда берилет.

Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий