• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кызыл-Кыяда ата-энеси карабай миграцияга кеткен беш өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында “Лидер” аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мобилдик топторго бөлүнүп, шаар аймагындагы кафелерди, базарларды, соода-сатык дүкөндөрүн, чайханаларды жана интернет клубдарды кыдырышкан.

"Шаар аймагындагы борбордук “Айбек” базарында ата-энесинин көзөмөлүсүз иштеген 2 өспүрүм, интернет клубдарда күн өткөрүп сабакка барбай жүргөн 6 окуучу аныкталды. Тиешелүү материалдарды чогултуп, соцкызматкерлер менен биргеликте жаш өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине тиешелүү иш кагаздар түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, балдарын эч кимдин кароосуна калтырбай, жашы жете элек өспүрүмдөрдү таштап, миграцияга кеткен эки ата-эне аныкталган. Маалым болгондой, алардын бирөөсүнүн бир баласы, экинчи ата-эненин төрт баласы бар. беш баланы милиция кызматкерлери менен соцкызматкерлер биргеликте каттоого алышып, алар менен баарлашып, ата-энелерине билдирүүлөр жөнөтүлдү.

“Лидер” рейдинин максаты - жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана алардын камкордугун колдоо.

Пикир

Оставить комментарий