• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Үмүт жана Конун” негиздөөчүлөрүнүн бири эки айга камалды

Коом 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Үмүт жана Ко” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдуллаев Ж.Т. УКМКнын тергөө абагына камалды.

Маалыматка ылайык, 20-августтагы соттун чечими менен Абдуллаев Ж.Т. 2022-жылдын 19-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды.

Эскерте кетсек, “Үмүт жана Ко” ЖЧКсынын тең ээси 1970-жылы туулган А.Ж.Т.нын үйүнөн курал-жарактар жана "БРДМ 2" (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы табылган.

Пикир

Оставить комментарий